Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/4
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (жайыт комитетинин төрагасы К. Карабаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин тѳрагасы К. Карабаевдин билдирʏʏсʏн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2016-жылга тʏзʏлгон бюджети 275,0 мин сом олчомʏндо бекитилсин.
2. 2016-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн шарттуу 1 баш кара малга 115 сом, жаш малга 80 сом, жылкыга 115 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 23 сомдон жайыт акы төлөө жагы белгиленсин.
3. 2016-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга 400 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 80 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
4. Шарттуу мал башына алынуучу салыктарды жыйноо жана жайыттарды үнөмдүү пайдалануусун, малчылар менен келишим тʏзʏʏнʏ көзөмөлгө алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитети толоп турган жер салыгынын эсебинен жайыттарды кароо ʏчʏн базардан бир баш жумушчу ат сатып алууга 60,0 миң сом акча каражаты болʏнʏп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |