Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын20-февралы № 19/4-2
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы балдар бакчасынын башчысы Н.Турдумаматованын арызын кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы балдар бакчасынын башчысы Н. Турдумаматованын арызын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Сарай орто мектеби 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титироонʏн кесепетинен жараксыз абалга келгендиктен 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен мектептин имараты курулуп жаткандыктан, республикалык бюджеттин акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу бир эле мезгилде бир айылга мектеп жана балдар бакчасын курууга мʏмкʏн эместиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |