Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/4-3
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик жана Агартуу айылдарынын тургундарынын К. Исмаилов, А. Ырысовдордун арыздарын арызын кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик жана Агартуу айылдарынын тургундары К. Исмаилов, А. Ырысовдордун арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Большевик айылынын тургуну К. Исмаиловдун жана Агартуу айылынын тургуну А. Ырысовдун айыл өкмөтүнүн кайра болʏштʏрʏʏ фондунун жерлеринен 5,0 гектардан жер иштетип, салыктарын, ижара акыларын, соцфонд толомдорʏн оз убагында толоп жаткандыгын жана бул жерге жаныдан коп жылдык беде эгип алгандыгын эске алып, Жоош айылдык кенешинин алдындагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде ижарага пайдалануу моонотʏ 7 жылга узартып беруу жагын кароо Жоош айыл окмотуно милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |