Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/4-5
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А.Акуновдун жана Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын арызын кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А. Акуновдун жана Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну А.Акуновдун жазган арызын карап иликтеп чыгуу жагы Жоош айылдык кенешинин алдындагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана китеп чыгаруу учун акча каражатын болуп беруу китепкана фондунун эсебинен жургузулсун.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын тургуну Жумакан кызы Рахаттын кызы Жумаханова Асеманын операциясы ʏчʏн акча каражатын Жоош айыл окмотʏнʏн резервдик фондунан ажыратып берʏʏ жагы Жоош айыл окмотʏнʏн башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |