Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/4-4
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы “Элчибек” ветсервисинин башчысы Э. Токтосуновдун, “Султан-Наз” СПАнын жетекчиси С. Мамаюсупованын арызын кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы “Элчибек” ветсервисинин башчысы Э. Токтосуновдун жана “Султан-Наз” СПАсынын жетекчиси С. Мамаюсупованын арыздарын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык пункт ачуу ʏчʏн Кызыл-Кошчу айылына бурула беришинен 0,08 га жер аянты ажыратылып берилгендиги белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлоо боюнча башкы адиси Ж. Жоробаевге мал, койлорду эмдоонʏн, жасалма жол менен уруктандыруунун тарифин иштеп чыгуу жана мал-кой баккан малчылар менен келишим тʏзʏʏнʏ ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы “Султан-Наз” СПАсы хозрасчеттук ишкана болгондуктан айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын болʏп берʏʏго мʏмкʏн эместиги белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |