Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 майы №4
Социалдык кызматтын аткарып жаткан иштеринин жүрүшү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Б. Мусаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б. Мусаеванын социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча аткарган иштери «канаттандырарлык эмес» деп эсептелсин.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн Б. Мусаевага «Эскертүү» берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э. Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |