Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы №144
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2014-жылдан калган калдык каражаттарды бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектүү ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2014-жылдан жергиликтүү бюджетте калган (негизги счетто) 27,4 миӊ сом, 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2014-жылдан калган калдык каражаттарды, 2015-жылдын бюджетинде жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеӊештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |