Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 145
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектүү ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин жалпы суммасы (Республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты кошуп эсептегенде) 8444,4 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2015-жылга 3257,0 миӊ сомго бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 310,0 миӊ сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2015-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 84,0 миӊ сомго белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен 2015-жылга Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына бөлүнгөн акча каражаты (теӊдөөчү грант) 5187,4 миӊ сом. Алдын ала жасалган расчеттор боюнча бөлүнүүчү теӊдөөчү гранттын суммасы 5837,4 миӊ сомду түзөт. Ортодогу айырма 650,0 миӊ сомду түзүп. Бул маселе боюнча райондук финансы бөлүмү райондун бардык айыл аймактарына расчетторду алып финансы министрлигине берген. Бул маселе кошумча финансы министрлигинде каралууда.
6. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
7. Айылдык Кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын.
8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу жагы тапшырылып, аны жумшоо бюджет соц. маселелер жана жер комитеттеринин макулдугу менен жумшалсын.
9. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж. Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеӊештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11. Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |