Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 146
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун 2014-жылда Кызыл-Өзгөрүш айылаймагында аткарган иштерин жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун 2014-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында аткарган иштеринин маалыматтын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун 2014-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун 2014-жылда аткарган иштериндеги айрым айтылган кемчиликтер, сунуш пикирлер,эл менен иштөө жоопкерчилиги эске алынсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутатты М. Сатаровдун сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш, Коңур-Өгүз айылдарындагы борбордук А.Борбуев, Арзыбай уулу Мамажан атындагы көчөлөрдүн жолдорун оңдоодо элдик салымдын 58,0 миң сом акча каражатты калгандыгы белгиленсин.
4. 2015-жылдын аягына чейин сапатсыз жолдун калдыктарына калган 58,0миң сом акча каражаттын сарптап бүтүрүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко жуктөлсүн.
5. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутатты М. Өктөмбековдун сунушун эске алып 2014-жылы Борколдой, Бел-Кара-Суу айылдарына кетүүчү сугат арыктарын оңдоо үчүн СПАнын жетекчиси Б. Маданбековдун 60,0миң сом сарпталып аткарылган иштин жыйынтыгын текшерип 2015-жылдын май айынын аягына чейин айылдык Кеңештин тиешелүү комитетине кагаз жүзүндө маалымат берүү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
6. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарган иштерин элдик жыйында карап кайрадан дайындоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
7. Айыл өкмөттүндө турак жайы жараксыз абалда катталгандыгы жөнүндө МЧС тарабынан берилүүчү кредит алуучулардын тизмесин тактоо жана көзөмөлдөө үчүн айылдык кеңештин төмөндөгү депутаттары кошулуп комиссия түзүлсүн
А. Ибраимова
Н. Султанкулова
М. Суранбаева
Кредит алуучулардын тизмесин тактап берүү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А. Уметалиевтен суралсын.
8. 2014-жылы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин токтому менен бекитилген бада акысы көзөмөлгө алынбай, иш алып барбагандыгы белгиленсин.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |