Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 147
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2014-жылдагы кезектүү, кезексиз сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2014-жылдагы кезектүү, кезексиз сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча айтылган кемчиликтер эске алынып,тиешелүү адистер менен иш алып баруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко жүктөлсүн.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышын убагында көзөмөлгө алуу Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комитеттердин төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |