Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 149
“Кызыл-Өзгөрүш айылына кошумча бала бакча имараттын куруу” долбоорун жактыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Кызыл-Өзгөрүш айылына кошумча бала бакча имараттын куруу” долбоорун жактыруу боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын 2015-жылга каралган бюджетине алымча жана кошумча киргизүү иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн сунушун карап көрүп Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Кызыл-Өзгөрүш айылына кошумча бала бакча имараттын куруу” долбоору жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен аталган долбоорго 296,8 миӊ сом каралып бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордун техникалык жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |