Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 153
Лабиш Жунусовага Өзгөрүш айылынын ардактуу айымы наамын берүү жөнүндө
Лабиш Жунусовага аялдардын эл аралык майрамы 8- март майрамына карата Өзгөрүш айылынын ардактуу айымы наамын берүүнү сунушту талкуулап.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылынын тургуну К. Малабашов атындагы ооруканада акушерка болуп көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, азыркы учурда ардактуу эс алуудагы Лабиш Жунусовага Өзгөрүш айылынын ардактуу айымы наамы берилсин.
2. Лабиш Жунусовага Өзгөрүш айылынын ардактуу айымы наамын салтанаттуу түрдү тапшыруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |