Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели № 2/7
Терек айыл округундагы жайыт комитетинин бюджетинин 2011-жылдагы аткарылышы, 2012-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша сметасын бекит жана малдын башына толонуучу жайыт акыны аныктоо, жайыт комитетинин төрагасын, эсепчисин бекитүү жөнүндө
Терек айыл округундагы жайыт комитетинин 2012-жылга карала турган бюджети, малдын башына төлөнүүчү жайыт акы жана 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы, пайдаланылбаган жайыттардын салыгын төлөө жөнүндө жайыт комитетинин эсепчиси О. Ажымамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Терек айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл округундагы «Жоо-Жүрөк» жайыт комитетинин 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчету жактырылсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин:
- 2012-жылга жайыт падалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү мал- бир баш үчүн 50 сом;
-//- жаш малга – бир баш үчүн 25 сом
Кой-эчкилер – бир баш үчүн 10 сом
Жылкылар - бир баш үчүн 60 сом
-//- жаш малга – бир башка 35 сом
Топоз – бир башка 60 сом
Эшек – бир башка 30 сом
- кирешелер жана чыгашалар сметасы (тиркеме тиркелет)
3. Терек айылдык округунун жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Төмөндө көрсөтүлгөн 2012-жылы пайдалбай турган жайыт участокторунун жер салыгынан 2012-жыл үчүн бошотуу бул токтом менен бекитилсин жана Ак-Талаа райондук УГКНС нан суралсын.
Арпа жайлоосунан 3326га
Бору Уюк 234,5га
Кок Жар 459,8га
Жетим Ашуу 1270га
Чон Ункур 475га
Жалпы: 5765га
5. «Жоо-Жүрөк» жайыт комитетинин төрагалыгына Койчуманов Калызбек, эсепчилигине Ажымамбетова О. бекитилсин.
6. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Терек айыл округунун башчысы
Р. Каналиевге жүктөлсүн.
Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ажиева |