Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 154
А. Суранбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Өзгөрүш айыл аймагындагы “Неман”даарыканасынын башчысы А. Суранбаеванын даарыкана курууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун талкуулап.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Неман”даарыканасынын имаратын курууга 0,01га жер аянты бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Бөлүнгөн жер аянтка тиешелүү болгон документтерин даярдап берүү жагы райондук архитектура шаар курулуш бөлүмүнөн, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Батыралиевке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |