Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 155
Боронбаев Бакыттын арызы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылынын, К. Мамбетаипов көчөсүнүн № 7 үйүнүн жашоочусу Боронбаев Бакыттын арызын талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылынын, К. Мамбетаипов көчөсүнүн № 7 үйүнүн жашоочусу Боронбаев Бакыт айыл өкмөттүн өтө жакырдын учеттунда тургандыктан, жашоо шартын карап кызы Коштубаева Хадичанын жүрөгүнөн жасалуучу операциясына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20000 ( жыйырма миң ) сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Өктөнбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |