Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-марты № 156
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2014-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2013-жылдагы аткарган иштери боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э. Мутуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин 2014-жылдагы аткарган ишинин маалыматты жактырылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамы кайрадан каралып чыгып 19 адамдан турган комиссия курамы түзүлсүн.
3. Мал ээлерине жайыт билеттерин берүү,жакынкы жайыттарга отургузбоо, алыскы пайдаланбаган жайыттарга көчүрүү жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин:
2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү мал -бир баш мал үчүн -80 сом
Кой-Эчкилер -бир баш үчүн -16 сом
Жылкылар үчүн -бир баш үчүн -80 сом
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
6.Жайыт комитетинин 2014-жылга жайыт акысынан 45000 сом калдык калгандыгы эске алынсын.
7. Токтогул районуну жетекчилери менен бирдикте Үч-Терек, Торкен, Ничке-Сай айыл өкмөттөрүнүн катышуусу менен чечилбей келе жаткан жайыт маселелерин биринчи жарым жылдыкта чечүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Төрөкуловко жүктөлсүн.
8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылдын бюджетинин эсебинен Орто-Оток, Опоз төрүнө барууга машина жүрүүгө жол салуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э. Мутуевке жүктөлсүн.
9. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыттарын туура пайдалануу үчүн сырттан келген жайыт пайдалануучулар,бадачылар менен келишим түзүү. Жайыт, суу талаш маселелерин ордунан жыйын өткөрүп карап чечүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э. Мутуевке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Төрөкуловко жүктөлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
11. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |