Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-марты № 157
Коңур-Өгүз айылындагы каналдын үстүндөгү жерлердин аренда акысын чектөө жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мурдагы жайыт катары пайдаланып жүргөн Коңур-Өгүз айылындагы каналдын үстүндөгү жерлердин тактап, каналдын үстүн суу албагандай кылып чектерин көргөзүп тартып, ар бир аренда алуучууга 1 гектардан, мөөнөттүн белгилеп келишимдин негизинде берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко тапшырылсын.
2. Каналдын үстүндөгү 1 гектар аренда жердин баасы тозулган жерлерге 6000 сомдон, ачык тозулбаган жерлердин баасы 2000 сом өлчөмдө белгиленип берилсин.
3. Аренда пайдалануучулардан түшкөн, аренда акылары айыл өкмөттүн бюджетине кириштелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |