Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-марты № 159
“Матыбай-Ата” базарынын 1,0 га жер аянтты муниципалдык менчикке кайтарып алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл аймактык башкармалыгынын бузууларды четтетүү тууралуу 06.02.2015-жылдагы № 0006212 Жазма буйругунун негизинде “Матыбай-Ата” базарынын Бекишов Абдыбек пайдаланып жүргөн бөлүгүндө көп мыйзам бузуулар катталгандыктан 1,0 га жер аянтты муниципалдык менчикке кайтарып алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы. Кожокеевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |