Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-марты № 162
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине түшкөн киреше булактарын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж. Садыковтун ар кандай маселелерди кароодо атайын каражат эсебине түшкөн киреше булактары боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн атайын каражат эсебине райондук миграция жана жумуштуулук комитетинен Бууракан айылындагы М. Термечиков атындагы орто мектебинин айланасын тозуу боюнча жазылган проектиге ылайык материалдык чыгымдарына айыл өкмөттүн атайын эсеп счетуна түшкөн 15500 сом каражатты жумшоо жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |