Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 163
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын 2014-жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын жетекчиси А. Табалдиевдин 2014-жылга аткарган иштеринин кемчиликтери эске алынып, жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын жетекчиси А. Табалдиев 2015-жылга төмөндөгү иштерди аткаруу жагы белгиленсин.
- Суу урдандарга 5000 сом өлчөмүндө штраф салынып, келишимдин негизинде өндүрүлсүн.
- СПАнын жетекчиси айыл башчылар менен биргеликте Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тозулган арыктарды 1-майга чейин ачуу жагы белгиленсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы суу пайдалануучулардан 2014-жылдын суунун акысын калдыктарын чогултуу жагы СПАнын жетекчиси А.Табалдиевке тапшырылсын.
- Мураптардын айлык акы өлчөмү 2014-жылдагы өлчөмдө эсептелип калтырылып, 2015-жылга айлык акылары комитетте каралсын.
- Суу пайдалануучуга сууну квитанциясы жок берилсе, суу берген мураптын айлык акысы 1 жылга берилбесин.
- Айыл ичиндеги ички жолдорду суу каптаткан күнөлүү, суу пайдалануучуга 3000 сом өлчөмүндө штраф чегерилсин.
-Айыл башчыларга айыл ичиндеги арыктарды тазалатып, чаптырып көчө комитеттери менен иш алып баруу жагы тапшырылсын
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу канал.арыктарды чаап тазалоо жумуштарын СПА менен бирдикте элди уюштуруп аткаруу жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Мураптарды дайындоо айыл башчылардын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
5. Конур-Өгүз суусундагы канал, арыктарга суу бөлүштүрүүчү щитти суугат иштери башталганга чейин ондоо жагы СПАга милдеттендирилсин.
6. 2014-жылга үлүш 1 гектар суугат аянтка 150 сомдон суу акысы бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
8. Бул токтомдун ишке ашышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комитеттин төрайымы Ы. Кожокеевага жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |