Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 164
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жазгы айдап себүү, жаз-күз мезгилинде мал багуу үчүн бадачылардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы боюнча жазгы айдап – себүү жана жаз-күз маалында мал багуу компаниясына айыл өкмөтү тарабынан белгиленген баа бекитилсин.
2. Жазгы айдап – себүү компаниясында 1 гектар айдоо жердин айдоо акысы 2500 сом, малага 800 сом, күйүүчү май ичинде.
3. Тоют ташуу жолдун аралыгына жараша 800-1300 сомго чейин күйүүчү майы ичинде. Чөп чабууга 1 гектар жерге 3000 сом.
4. Жаз-күз маалында мал багуу үчүн бадачыларга төмөндөгүдөй бааны кармоо жагы жүктөлсүн:
Ири мүйүздүү малга – бир башына 3000 сом, тузу ичинде
Кой-эчкилерге– бир башына 60 сом, тузу ичинде
5. Жаз-күз маалында мал багуу үчүн бадачыларга 25-апрелден 1-октябрга чейинки мезгилде малды айылга түшүрбөө жагы милдеттендирилсин. Белгиленген мөөнөтөн мурда бада багуучулар айыл ичине көчүп келсе 20000 сом салынсын.
6. Эгин талааларга мөөнөтүнөн мурда келген малдарга уйга- 500сом, жылкыга-1000сом, жандык малга-100сом өлчөмүндө штарф өндүрүлсүн. Өндүрүлгөн штраф малдарды кармап туруучу кароолкананы оӊдоо иштерине жумшалсын.
7. Ар бир механизатор жана бадачы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
8. Бул токтом айыл өкмөтү тарабынан буйрук чыгарылган күндөн баштап күчүнө кирсин.
9. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
10. Бул токтомдун ишке ашышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комитеттин төрайымы Ы. Кожокеевага жүктөлсүн.
11. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |