Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 165
Чеч-Дөбө айылындагы көчөгө Эрматов Зайдин ысымын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Чеч-Дөбө айылынын жашоочуларынын өтүнүчүнүн негизинде жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комитеттин токтому жана көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен Чеч-Дөбө айылындагы мурда ысымы жок көчөгө Эрматов Зайдин ысымын берилсин.
2. Чеч-Дөбө айылындагы Эрматов Зайдин ысымын берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп, көчө комитеттин көрсөтүп, көчөнүн жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп иш алып баруу жагы белгиленсин.
3. Чеч-Дөбө айылындагы Эрматов Зайдин атындагы көчөнүн башынан, аягына чейин Эрматов Зайдин атындагы көчө үй номерлерин жаздырып ар бир үйгө илүү, көчөгө ысымы берилген атуулдун балдарына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бел-Кара-Суу айылынын айыл башчысына жана көчө комитетине тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |