Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 166
77,7 га жерди трансформацияга берүү жөнүндө
77,7 га жерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө жер адиси Ж.Өскөнбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Мыйзамын негиздеп, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында жана калктын талабына ылайык курулуш материалдарын кум, шагыл, топурак алууга Чеч-Дөбө айылынын Кулчайдын түзүнөн контур № 3881, 6,8 га жайыт жерден, Орто-Жон айылынын Чалдобар участкасынан контур № 2785, 16,9 га жайыт жерден, Орто-Жон айылынын Бардан участкасынан контур №4274, 9,5 га жайыт жерден, Чеч-Дөбө айылынын Жутма участкасынан контур №3838, 10,7 га жайыт жерден, Бел-Кара-Суу айылынын Абдурасул сарайдан контур № 2974, 14,0 га жайыт жерден, Бел-Кара-Cуу айылынын Таш-Кечүү участкасынан контур №3064, 15,0 га жайыт жерден, Бел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участкасынан контур №3064, 0,70 га жайыт жерден таштанды таштоочу жайга, Бел-Кара-Суу айылынын Бел участкасынан контур № 3923, 3,0 га жайыт жерден кум шагыл алууга, Коңур-Өгүз айылынан Коңур-Өгүз участкасынан контур № 4424, 1,1 га жайыт жерден топурак алууга жайыт жерлери трансформациялоого сунуш берилсин.
2. Жер аянттарын трансформациялоо үчүн керек болгон документацияларды даярдап, тиешелүү жогорку органдарга жөнөтүү жагы айыл өкмөт башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |