Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 167
Аӊ-Арык айылынын тургуну Афган согушунун ардагери Матраимов Токтосун Осмоновичке ”Айылдын ардактуу атуулу” деген наамды берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комитеттин токтому менен жана көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен Аӊ-Арык айылынын тургуну Афган согушунун ардагери Матраимов Токтосун Осмоновичке ”Айылдын ардактуу атуулу” деген наам берилсин жана жашаган үйүнө “Бул үйдө Афган согуштун ардагери жашайт” деген белги илинсин.
2. Матраимов Токтосун Осмоновичке ”Айылдын ардактуу атуулу” деген наамды салтанаттуу түрдө тапшыруу жана жашаган үйүнө “ Бул үйдө Афган согуштун ардагери жашайт” деген белгини илүү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |