Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 168
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К. Чодошов атындагы орто мектебиндеги тарых музейге “Өзгөрүш айылынын айылдык тарыхый этногрофиялык музей” статусун берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К. Чодошов атындагы орто мектебиндеги Тарых музейинин жетекчиси Ш. Кожоевдин өтүнүчүн Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комитеттин токтому жана көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен К. Чодошов атындагы орто мектебиндеги тарых музейге “Өзгөрүш айылынын айылдык тарыхый этногрофиялык музей”статусу берилсин.
2. Музейге “Өзгөрүш айылынын айылдык тарыхый этногрофиялык музей”-деген статусту тапшыруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комитеттин төрайымы М. Суранбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |