Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 169
Коӊур-Өгүз айылындагы жаңы каналдагы көпүрөнү оӊдоо иштерине айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Э. Шадыбековдун сунушу жана көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен быйыл, 2015-жылы Коӊур-Өгүз айылындагы жаңы каналдын башындагы көпүрөнүн башын тозуу иштери башталса , айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттинен акча каражаттын бөлүп берүү айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж. Садыковко жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловко тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |