Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 170
Өзгөрүш УЭСинин башчысы Н.Мураталиевдин жана старшый электро мантер Ж. Көкүмовтордун кайрылуулары жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жаңы конуштарда жашаган жашоочуларга көчөдөн сырткары жерлерге турак жай салып, өздөрү каалагандай электр линияларын тартып алышкандыктары үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз тартылган электр линиялары кыркылсын. Жашоочуларга столбаларын, линияларын, чайнектерин алмаштырылгандан кийин электр энергиясын кошуп берүү жагы эскертилсин.
2. Көчө комитеттери менен бирдикте айыл өкмөттүн балансасында турган трансформаторлорго ограждение жасатуу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко ал эми РЭС балансасында турган трансформаторлорго ограждение жасатуу Өзгөрүш УЭСинин башчысы Н. Мураталиев жүктөлүп, элдин коопсуздугун сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттин төрайымы М. Базаркуловко тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |