Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 172
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерин 2014-жылга аткарылган иштери төмөндөгү кемчиликтери менен жактырылсын деп табылсын.
2. Байланыш бөлүмүнүн тейлөөсүндө маалыматтарды жарыялоо тактасынын жоктугу белгиленсин. Бир айлык мөөнөт ичинде маалымат тактасын орнотуу жагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринен суралсын.
3. Байланыш бөлүмүнүн имаратына каалга койдуруп, ажаткана куруп берүү үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүштүрүү жагы айыл өкмөттүн финансы бөлүм башчысы Ж. Садыковго жана айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |