Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 173
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К. Чодошев, А. Ибраимов, Ж. Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К. Чодошев, А. Ибраимов, Ж. Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2014-жылга аткарган иштери төмөндөгү кемчиликтери менен эске алынып жактырылсын деп табылсын.
2. С. Чекиров атындагы орто мектебинин имараты финансы министрлиги аркылуу түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон сапатсыз толук бүтпөгөндүгү эске алынып,айыл өкмөттүн башкы бухгалтери менен бирдикте тиешелүү иш кагаздары комитетте каралып мектеп директору жана завхозунан суралсын.
3. Айылдык кеӊештин депутаты М. Сатаровдун сунушун бир добуштан колдоп, С. Чекировдун завхозунун кызматынан бошотуу жагы мектептин директору К. Жаныбековага бир айлык мөөнөт менен милдеттендирилсин.
4. М. Термечиков мектебине 2014-жылы райондук жумушсуздук бөлүмүнөн бөлүнгөн акча каражаттын кандай кайда жумшалгандыгы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.
5. М. Термечиков атындагы орто мектептин директору К. Сатаӊовага айылдык кеӊештин сессиясына келип мектепте аткарган бир жылдык маалыматтын берүү үчүн маалымдалганына карабастан сессияга себепсиз келбегендиги боюнча Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө кат жолдоо жагы айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышы боюнча кийинки сессияга маалымат даярдап берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |