Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну №175
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитеттинин билдирүүсү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын арызын эске алып Сандыкол жайытындагы талаш тартышы жерлер боюнча А. Сарсейитова менен мыйзам чегиндеги бөлүнгөн жайыт документтерин териштирүү жагы жайыт комитетти Э. Мутуевге жана айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.
2. Жайыт комитеттинен чогулган каражатынын эсебинен Коӊур-Өгүз, Капчыгай, Кеӊ-Туулук жайлоолоруна көпүрө куруу үчүн каражат таап куруу жагы жайыт комитетти Э. Мутуевге жүктөлсүн.
3. Каналдын үстүндөгү мыйзамсыз тозуп алган жайыт жерлеринен 1 га жерине 6 миӊ сомдон 1-жылга акча төлөө жана тозулбаган жайыт жерлерин пайдаланган жарандардан 1 га жерине 2 миӊ сомдон 1-жылга жайыт комитеттине акы төлөө жагы белгиленсин.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |