Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну №176
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын тургундарынын айыл жашоочусу маркум Култаев Акиштин ысымын көчөгө ыйгаруу сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын тургундарынын айыл жашоочусу маркум Култаев Акиштин ысымын көчөгө ыйгаруу сунушу эске алынсын.
2. Култаев Акиштин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө сунушту карап кийинки сессияга даярдоо жагы Билим беруу, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын төрайымы М. Суранбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |