Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 177
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловдун сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Жеӊиштин 70-жылдык мааракесине каралган акча каражатынын жетишпей калгандыгына байланыштуу 2221-статьясына кошумча 65000 (алтымыш беш миӊ) сом жергиликтүү бюджеттен каралып бөлүнүп берилсин.
2. 2015-жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2515-статьясына 40000 (кырк миӊ) сом бөлүнүп, анын ичинен 25000 (жыйырма беш миӊ) сом Шайык айылынын ички жолдоруна кум-шагыл төгүп оӊдоп түзөө иштерине, 15000 (он беш миӊ) сом А. Ибраимов атындагы орто мектептин айланасын тосуу үчүн жумшалсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайыло |