Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
20165-жылдын 7-августу № 178
Маданият, туризим, спорт, жаштар саясаты дин иштер боюнча жооптуу адамдардын 2014-жылга аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият, туризим, спорт, жаштар саясаты дин иштер боюнча жооптуу адамдардын 2014-жылга аткарган иштери боюнча Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М. Суранбаева маалыматты жактырылып, комитеттин аткарган иштери жакшы деп баалансын.
2. Ысырапкорчулуктуу алдына-алып, жоюуга карата коомчулукта түшүндүрүү иштерди уюштуруу, участкасына карап айылдык Кеңештин депутаттарынан, айылдын имамын, аксакалдар сотунун төрагасын, айыл аксакалдарынан кошуп, айыл өкмөт башчысынын орун басарын комиссиянын төрагасына көрсөтүп комиссия курамын түзүп, иш алып баруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М. Суранбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж .Ысырайылов |