Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 179
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыйуу компаниясынына катышкан механизаторлордун техникаларынын даярдыгын кароо жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ж. Өскөнбаевдин сунушу эске алынып, айыл өкмөттүн аймагындагы айыл чарба жумуштарындагы кызмат акыларды, күзгү оруп жыюу компаниясына катышкан техникалардын жана эгин ташуучу, жүк ташуучу машиналардын күйүүчү майын жана баасын төмөндөгүдөй баада белгиленип бекитилсин.
2. Оруп жыйууга 1 га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 3500 сомго чейин.
Орулган эгинди ташууга 5-10 литрге чейин күйүүчү май, эмгек акы 500 сомдон 1000 сомго чейин.
Айыл өкмөттүн буйругу менен айыл башчыларды, айыл өкмөт кызматкерлерин, участкаларына карап айылдык Кеңештин депутаттарын кошуп, кузгү оруп жыюуга карата атайын штаб түзүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Күздө тоодон эрте келип эгин талааларына түшкөн мал ээлеринен жыл башында айылдык Кеӊештин токтому менен бекитилген штраф өлчөмүн өндүрүү жагы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу өзүмө калтырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу, күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |