Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 181
К. Малабашов атындагы оорукананын кышка карата даярдыгын жана 2014-жылга аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К. Малабашов атындагы оорукананын тишелүү адистеринин кетирген кемчиликтери эске алынып жана 2014-жылга аткарган иштери канаттадырарлык деп табылсын
2. К.Малабашов атындагы оорукананын врачтарынын тартибин,келген оорулуу адамдарды кабыл алуусун көзөмөлгө алып, кетирген кемчиликтери үчүн чара колдонуу жагы оорукананын жетекчисине тапшырылсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы майыптуулугу боюнча катоодо турган оорулуу адамдарга рецеп менен келген даары-дармектер маалымат тактайчасына илинип, даарылардын таркатылышын көзөмөлгө алуу үчүн комиссия курамын түзүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А. Уметалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М. Суранбаевага тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |