Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 182
Токтогул районунун атайын фонддун төрагасы Чотоев Таалайбек Коеновичке Өзгөрүш айылынын “ Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун атайын фонддун төрагасы Чотоев Таалайбек Коеновичке Өзгөрүш айылынын социалдык – экономикалык абалына жакындан кошкон эмгек салымы үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
төрага | Ж. Ысырайылов |