Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 183
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башкы адиси К. Сулпукорованын Бел-Кара-Суу айылынын жашоочусу Абдрасулов Манаска материалдык жардам берүү сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Кара-Суу айылынын жашоочусу Абдрасулов Манастын арызына карата айылдык кеңештин депутатты М. Сатаровдун сунушу эске алынып, Абдрасулов Манастын жаңы салынып жаткан турак жайынын дубалы бүткөндөн кийин комиссия дагы барып көрүп, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 50 даана шифер алып берүү жагы эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы комиссиянын төрагасы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А. Уметалиевке тапшырылсын.
3 .Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |