Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 185
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Камыш-Башы айылынын ички автоунаа жүрүүчү жолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түзүлгөн проектисинин үлүштүк (түрткү) берүүчү грантка тапшырылгандыгына байланыштуу 10 % өздүк салымды чогултуу, төгүү жана Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы мектептин спорт аянтчасын курууга райондук атайын эсеп фондунан бөлүнгөн каражат жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылынын ички автоунаа жүрүүчү жолдорун капиталдык капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча элден чогултулуучу 10% өздүк салымды чогултуу жана аны айыл өкмөтүнүн кассасына кириштөө жагы Камыш-Башы, Ак-Жар, Шайык айылдарынын айыл башчысы Э. Мураталиевке тапшырылсын.
2. Элден чогултулган 10% өздүк салымды атайын эсеп каражат счетунан 3111-статьясына 224300-00 сом жумшоо жагы каралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен салымга кошумча 2015-жылдын 3-кварталында 3111-статьясына 71000-00 сом жумшоо жагы тапшырылсын.
4. М.Термечиков мектебинин спорт аянтчасын курууга райондук атайын эсеп счетунан бөлүнгөн 300000-00 сом акча каражат айыл өкмөттүн атайын эсеп счетуна 3111 статьясына жумшоо жагы белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө 4-кварталга мектептердин электр энергиясына бекитилген 180000-00 сом 3-квартал мектептердин көмүр алуусуна жылдырылып жумшоо жагы тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |