Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-сентябры № 186
Токтогул райондук прокуратурасынын 25.09.2015-жылдагы № 1513-11/3-15 каршылык катында көрсөтүлгөн мыйзам талабына ылайык келбеген ченемдик актыны жокко чыгаруу жөнүндө
Токтогул райондук прокуратурасынын 25.09.2015-жылдагы №1513-11/3-15 каршылык катында көрсөтүлгөн Кызыл-Өзгөруш айыл Кеңешинин кезексиз 5-сессиясында 2013-жылдын 4-майындагы Конур-Өгүз айылындагы айыл чарба багытынан сырткары, союз учурунда топурак алынуучу жерден Э. Шадыбековго 1,1 га жер аянтына кабыл алынган №5/6-сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыгына байланыштуу бул токтомду жокко чыгаруу максатында
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук прокуратурасынын 25.09.2015-жылдагы №1513-11/3-15 прокурордук каршылык катында көрсөтүлгөн мыйзам талабына ылайык келбеген ченемдик акт Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеӊешинин 04.05.2013ж №5/6-сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
.
Төрага | Ж. Ысырайылов |