Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 187
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы электр тармактар ишканасынын 2014-2015-жылдарга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы электр тармактар ишканасынын 2014-2015-жылдарга аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Өзгөрүш электр тармактар бөлүмүнүн контролерлоруна депутаттар тарабынан айтылган кемчилдиктерди четтетүү жагы эске алынып, абоненттер менен контролерлордун ортосунда эсептешүүнү жана лицевой счеттун берилишин көзөмөлдөө жагы Өзгөрүш электр тармактарынын башчысы М. Талиповдон суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жол, транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Базаркуловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |