Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 188
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К. Чодошов, А. Ибраимов, Ж.Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин, “Шумкар” балдар бакчасынын кышка карата даярдыгын жана 1-4 класстарга берилүүчү ысык тамактардын берилишин жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К. Чодошов, А. Ибраимов, Ж. Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин, “Шумкар” балдар бакчасынын кышка карата даярдыгын жана 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилиши боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К. Чодошов, А. Ибраимов, Ж. Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин, “Шумкар” балдар бакчасынын кышка карата даярдыгы айылдык кеңештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын заседаниенин токтомунун негизинде жакшы деп белгиленсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов, А. Ибраимов, Ж. Чаргынов, С. Чекиров, М. Термечиков атындагы орто мектептердин 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилиши боюнча айылдык кеңештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын заседаниенин токтомунун негизинде жакшы деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын төрайымы М.Суранбаева тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |