Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 189
Өзгөрүш айылынын тургундарынын жана жаштардын кайрылуусу жөнүндө
Өзгөрүш айылынын тургундарынан жана жаштардын атынан айыл өкмөткө, айылдык кеңешке А. Ибраимов атындагы орто мектебинин эски (четки) корпусун толугу менен балдар машыгуучу залга өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу А.Ибраимов атындагы орто мектебинин эски (четки) корпусун толугу менен балдар машыгуучу залга өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууну комиссия тузүп, комиссиянын жыйынтыгы менен карап чечүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго ташшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын төрайымы М.Суранбаева тапшырылсын.
3. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |