Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-октябры №190
Бууракан айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Бууракан айылынын тургундарынын Бууракан айылындагы мектепке баруучу көпүрөнү оңдоого жардам берүү жөнүндө кайрылуу каттын талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектепке баруучу көпүрөнүн абалы начар коркунучтуу абалда болгондугу эске алынып, көпүрөнү оңдоого айыл өкмөт тарабынан техникасын камсыз кылып, күйүүчү майына каражат бөлүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
2. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |