Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 193
“ К. Чодошов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу” долбоорун жактыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “ К. Чодошов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу” долбоорун жактыруу боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетине алымча жана кошумча киргизүү ирээтинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн сунушун карап көрүп Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “ К. Чодошов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу” долбоору жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен аталган долбоорго 177,8 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордун техникалык жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрагасы | Ж. Ысырайылов |