Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 195
“Көк-Таш айылынын автоунаа каттоочу ички жолдоруна кум-шагыл төшөп ремонттон өткөрүү” долбоорун жактыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Көк-Таш айылынын автоунаа каттоочу ички жолдоруна кум-шагыл төшөп ремонттон өткөрүү” долбоорун жактыруу боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетине алымча жана кошумча киргизүү ирээтинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн сунушун карап көрүп Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Көк-Таш айылынын автоунаа каттоочу ички жолдоруна кум-шагыл төшөп ремонттон өткөрүү” долбоору жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен аталган долбоорго 209,6 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордун техникалык жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |