Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 198
Айылдык кеңештин депутаты, спорт комитетинин төрагасы Э. Бусурмановдун кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаты,спорт комитетинин төрагасы Э.Бусурмановдун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы спорт комплекти ачуу аземине айыл өкмөттөн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусу эске алынсын.
2. Спорт комплекти ачуу аземине, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттын карап бөлүп берүү жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын төрагасы М.Өктөмбековго жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж. Садыковго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |