Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 200
Ак-Жар айылындагы С. Чекиров атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынан өтүнүч катты жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы С. Чекиров атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын мектептин эшигинин алдын майда шагыл же бетондоо үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө өтүнүч каты эске алынсын.
2. С. Чекиров атындагы орто мектептин эшигинин алдын майда шагыл же бетондоо үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бджетинен акча каражатын бөлүп берүү жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын төрагасы М. Өктөмбековго жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж. Садыковго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |