Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 201
Айыл өкмөттүн 2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше–чыгаша бөлүктөрүнө толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн негизги счетунан жергиликтүү бюджетинен жыл ичинде кошумча түшкөн каражаттын эсебинен балдар бакчасынын имаратынын жылытуу системасынын печкасын курууга 25,0 миң сом жумшоо жагы каралсын.
статья 2221
2. Айыл өкмөттүн атайын каражат счетунан ата-энелерден түшкөн каражаттын эсебинен балдардын тамак ашына 67,0 миң сом жумшоо жагы белгиленсин.
статья 2218
3. Бул токтом www.Kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |