Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 202
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн 2014-2015-жылдарга аткарган иштеринин маалыматтын угуу жана айылдык мечиттердеги диний экстремистик иштерди алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн 2014-2015-жылдарга аткарган иштеринин маалыматтын жана айылдык мечиттердеги диний экстремистик иштерди алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча Билим берүү, маданий, дин иштери, спорт жана жаштар саясат боюнча комиссиянын 2015-жылдын 17-декабрындагы отурумунун токтомун эске алып, Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн 2014-2015-жылдарга аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Мектеп окуучуларынын жыл ичиндеги даталуу майрамдарда мектептен сырткары, үйлөрдө кечелерди өткөрүп белгилөөгө тыюу салынсын, кечени уюштуруп өткөрүп берген үй ээсине 5000 сом, ал эми кечеге жиберген окуучунун ата-энесине 1000 сом өлчөмүндө айып пул төлөтүү жагы Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы А.Канаевге жүктөлсүн.
3. Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнө депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынып, иш жүзүндө аткарууга алуу жагы ар бир кызматкерге тапшырылсын.
4. Өзгөрүш АМБнүн иш кагаздарына 1жылдык концелериялык буюмдарды алууга жана кызматтык автоунаага күйүүчү май каражатты айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 2016-жылга карап бөлүп берүү жагы айылдык кеңештин бюджет комитеттине жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданий, дин иштери, спорт жана жаштар саясат боюнча комиссиясына тапшырылсын .
6. Бул токтом www.Kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |