Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 206
Камыш-Башы айылынын тургуну Өскөнбаева Айнура кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылынын тургуну Өскөнбаева Айнура өтө-жакыр үй-бүлөөнүн тизмесинде тургандыгы эске алынып, күйүп кеткен өзүнүн,балдарынын керектүү документтерин кайрадан алууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 2016-жылга акча каражаттын бөлүп берүү жагы айылдык кеңештин бюджет комитеттине жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж. Садыковго жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы орун басары А. Уметалиевге жүктөлсүн
3. Бул токтом www.Kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Ысырайылов |